www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, суу менен камсыздоо саат 09:00дөн 20:00гө чейин токтотулат. Чектөө Панфилов көчөсү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, Фрунзе көчөсү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймакка тиешелүү болот.
Бишкек шаардык мэриясынын сүрөтү. Бишкектин бир бөлүгүндө 29-сентябрда суу өчүрүлөт
Шаардык бийлик өчүрүү «Тоголок Молдо» суу топтогучунда жана шаардык суу түтүк тармактарында жүргүзүлүүчү оңдоо-профилактикалык жумуштарга байланыштуу экенин белгиледи.
«Бишкексууканал» ишканасы тургундарды таза сууну алдын ала камдап алууну суранат.