www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Бактыбек Сыдыков чет өлкөлүктөргө жерди жалпы негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга – калктуу конуштардан тышкары жайгашкан жана пансионат катары пайдаланылган жер тилкелерине уруксат берүүнү сунуштап жатышат.
Жүйөөлөрү инвесторлорду тартуу керек деген чапанга жамынган шылтоо. Натыйжада, алар “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” КР мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунушталууда.
Бул өтө кооптуу. Чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандан жерлерди, обьектилерди сатып алганга, ижарага узак мөөнөткө алууга уруксаат берели деген мыйзам, өздөрүнүн сунушубу, же артында биз билбеген, тааныбаган адамдар барбы, айтор жакшы жышаан эмес.
Дегенибиз, буга дейре коңшуларга эл аралык паспорттун жоюлушу, эми жерлердин жана обьектилерди сатууга, арендага берүү бир чынжырдын уландысыбы же жөн гана окшоштукпу?
Эртең эле Кытайдын же Өзбекстандын жарандары миңдеген гектар жерлерди ижарага алышса, кийин анын келечеги кандай болот? Бизде чет өлкөгө ижарага берилген жерлерди кайтарып алган учур жок.
Мунун арты кооптуу, караңгы, бүдөмүк, тумандуу.
Булак: NazarNews.kg