www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-майда Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркуловдун ишине нааразылыгын билдиришти.

Депутат Искендер Матраимов чиновник иш сапар менен чет өлкөгө гана чыгаарын айтты.

"Жыпаркуловду баарыбыз жакшы билебиз, ал дагы "Мегакомдун" жетекчиси болгон. Акыркы маалыматтарга караганда, ал чет өлкөгө гана чыгып жүрөт. Аны менен айрым маселелерди жекече сүйлөшкүбүз келет. Кызматка дайындалгандан бери эмне менен алектенгенин билгибиз келет", - деди Матраимов.

Депутат ошондой эле, Жыпаркулов комитеттин жыйынына жеке өзү келмейин Мамлекеттик курулуш комитетинин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселени күн тартибинен алып салууну талап кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости