www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунун айыл өкмөтү кармалды

Араван районунун айыл өкмөтү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

УКМК тарабынан Араван районунун мамлекеттик мекемелериндеги жооптуу жана жогорку кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, 2022-жылдын 14-февралында Тепе-Коргон айылынын башчысы М.М.А. башка кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, жер участогун "Сугат айдоо жерлери" категориясынан "Жеке турак жай куруу" категориясына которуу жөнүндө токтом чыгаргандыгы аныкталган, ал үчүн өз кезегинде «Кадастр» мамлекеттик мекемеси тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилген.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында, жеке менчикке алынган  жер тилкелеринин баасы 7,7 млн. сомовду түзгөндүгү аныкталган. 2023-жылдын 17-майында аталган кылмыш иштин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү делип Араван районунун Тепе-Коргон айылынын башчысы М.М.А. кармалган жана Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости