www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы дин эркиндигинен ашыкча пайдаланган радикал диний агымдар, топтор көбөйүп жатканы коомчулук тарабынан көптөн бери кооптонгон коңгуроо кагылып жатат. Тилекке каршы, бийлик анчейин көңүл бурбай, кайдыгерлик мамиле өкүм сүрүүдө. Мунун арты жакшы болбойт. Бардык нерсенин чеги болууга тийиш. Чектен өткөн кандай иш болсун, арты жакшы бүтпөйт.

Демек, мамлекет тарабынан диний кырдаал тыкыр көзөмөлгө алынып, ашыкча радикал, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн агымдарга тыюу салынып, алдын-ала коопсуздук иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турушу бүгүнкү күндүн талабы. Антпесе, тескери агымдарга азгырылып, динге сугарылган караламан караңгы көпчүлүктү кеп-сөзгө келтирүү кыйын болуп калат.

Мына кечээ жакында эле  Ысык-Ата районунда  болгон диний экстремист бандитти кармоо кандай түйшүк жаратты. Бүтүндөй ИИМдин, УКМКнын атайын багыттагы кызматкерлери тартылып, 3-4 саат ок атылып, эки орган кызматкери жаракат алып, чоң кооптуу көрүнүштөн кабар берди. Андыктан, бул багыттагы коопсуздукту күчөтүш милдет.

Өзгөчө УКМК диний экстремизм жаатында ачык да, көмүскө дагы мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн диний агымдарга, диний топторго карата тынымсыз көзөмөл жүргүзүп, тыюу салыш керек. Диний мекемелер, медреселер ар дайым көзөмөлгө алынып, алардын окуу-программаларына маани берилип, Билим берүү министрлиги менен биргеликте текшерүүдөн өткөрүлүп турууга тийиш.

Мына эки-үч күн мурун УКМК тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак районунда көмүскө мыйзамсыз иштеген медреселердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул колдоого арзыйт. Мындай иштер тез-тез болуп, баары алаканга салгандай ачык-айкын көрүнүп, коопсуздук маселеси күмөн жаратпагандай деңгээлде корголушу парз.

Себеп дегенде, тыюу салынган диний агымдар мамлекет үчүн кооптуу. Сузак районундагы медресенин көмүскө иштеп жатканынын өзү чоң суроону жаратат. Бул өлкөнүн келечегине, коопсуздугуна кагылган коңгуроо.

Анткени, медресенин көмүскө иштегени эле, салттуу динден айырмаланып, тыюу салынган, радикалдык агымдагы диний билим берилип келгенинен кабар берет.

Эркектер окуган медреседе 25тен ашык балдар (9 жаштан 18 жашка чейин) аралашып окуп, ошол жердеги мектептерге барышкан эмес. Медреседе күн сайын 08-00-дөн 17-00гө чейин окушкан.

Аялдар медресесинде жергиликтүү тургундардан 40ка жакын аял жана 10 бала, жума сайын дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин саат 09-00дөн 16-00гө чейин окушкан. Арасында жеткинчек, өспүрүм кыздар да болгон. Алар мектепке барышкан эмес.

Баары жашыруун болуп жаткан соң, ал жерде жатып окушкан улан-кыздарга эмнелер окутулуп келгенин бир Кудай билет. Көмүскөдөгү бул медресенин аналогу башка жерлерде иштеп жаткан болушу толук мүмкүн. Демек, УКМК аларды да таап, аныкташы зарыл.

Өкүнүчтүүсү, көмүскө иштеген медресеге болгону 5500 сом айып менен ишти жабуу чоң ката. Медресе толугу менен жабылып, ишмердүүлүгү тыкыр иликтенип жоопкерчилик маселеси каралышы абзел. Антпесе, 5500 айып пул менен маселе чечилбейт. Бул кенебестик алардын чырагына май тамызат, өз билген намазын окуганга жол ачат. Ошондуктан, мыйзамга, муфтият уруксат бербеген диний агымдарга катуу чара көрүлүшү абзел.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости