www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ГФР чалгын кызматынын башчысы Каль "Россиянын Армиясында алсырап калуунун белгиси байкалбайт" деген билдирүүсүн таратты. 
 Die Welt басылмасы жазгандай Германиянын Федералдык чалгын кызматынын башчысы Бруно Каль “Россиянын аскердик багытында алсыроону байкай алган жокпуз”-деп билдирген. 

"Россия курал-жарак, ок-дарылары менен жоокерлерди тынымсыз толуктап, узак мөөнөттүү согуштук аракеттерге чыдай ала тургандыгын" белгилеген Бруно Каль “орустарды алсырап калат деп күтпөш керектигин" айтты. Ошондой эле "Москва кулап калат" деп күтпөөгө чакырды.  

Буга чейин Австриянын коргоо министрлигиндеги аскердик стратег, полковник Маркус Райснер «көптөр россиялык армиянын "алсыздыгын» көбүртүп-жабыртып айтканга аракеттенип" жатышкандыгын, мындай ойдон алыс болууга чакырып, "душманга олуттуу кароого" чакырган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости