www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул районундагы Чычкан капчыгайынан 23 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 3-май күнү саат 9:00 чамаларында Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын ичиндеги кафелердин биринин топчанында  денесинде жарааттары бар  Токтогул районунун 2000-ж.т. тургунунун жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерге Токтогул РИИБдин тергөө-ыкчам тобу, жетекчилиги чыгып кароо жүргүзүлүп тиешелүү  материалдар топтолгон.

Бул факты Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн  тергөө кызматы тарабынан 2023-жылдын 3-май күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Токтогул РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында  жогорудагы кылмышка шектүү  катары  Токтогул районунун тургуну 2003-ж.т. Ж.Б. жана Токтогул районунун тургуну 1991-ж.т. М.Ж. (аял киши) кармалып, убактулуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости