www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аксыда 7 кишини атып өлтүргөндө Шермамат Осмонов аким болуп турган, анын кызы «чимкирик» депутаттарга таянып 78 добуш менен сөз эркиндигин кыскысы келген, бирок ал мыйзамга ал кездеги президент каршы болуп койгон. Жаңы Конституцияда журналистерге зомбулук жасоо чарасы алынып салынган. Ошондой эле сөз эркиндигинин кепилдиги, жарандардын жеке маалыматтарын коргоо жана мектепке чейинки билим берүү кепилдигин камсыздоо мурдагыдан жакшыраак жазылган.Текебаевдин Конституциясын 10 жыл боюу же 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөрткөнгө болбойт эле. Бирок, мындай мыйзамды уруп ойнобогон президент Атамбаев 2016-жылы 16-декабрда Конституцияга өзгөртүү кийирет. Ал каршы чыккан журналисттерди жазалоо, камоо максатында азыркы Конституцияда жалган маалымат жазгандыгы үчүн адамды жазык жоопкерчилигине тартуу мүмкүндүгүн кийирген. Журналисттерди каралоо, камоо иштери кызуу ишке кирген. Албетте, мындай берене же журналисттерди камоо, эркин маалыматтардын оозун тыя алган жок. Ошол эле Конституциянын автору Өмүрбек Текебаев 7 жылга камакка алынып, аны колдогондор жоопкерчилик тарта баштаган. Мындай жазалоо ыкмасы жана кысым көрсөтүү менен эки колун байлап койгон күндө да журналисттер акыйкатты айтып турушту.
Жогорку Кеңештин комитетинде чуулуу "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору кайра карала турган болду. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Долбоордо интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Эгерде кандайдыр бир сайтка же баракчага чындыкка дал келбеген маалыматтар жарыялана турган болсо, өкмөт дароо блокко салат жана ал жоопко тартылат. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.
2020-жылы 25-июнда парламентте "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, ал колдоо тапкан. Долбоорго карата 79 депутат "макул" деп, 10 эл өкүлү "каршы" добуш берген. Аталган мыйзам коомчулук тарабынан терс кабыл алынып, бул сөз эркиндигине каршы келген мыйзам катары кабылданган.
2020-жылы 3-сентябрда ал кездеги өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамына карата каршы пикирге кол койгону маалым. Мыйзамга ылайык, өлкө башчынын мыйзам долбооруна карата каршы пикири кайрадан Жогорку Кеңеште каралышы боюнча сунуштоо берилген.
Сөз эркиндиги Кыргызстанда барбы? Коммунизмдин моралдык кодексине ширелишкен социалисттик идеологиянын негизги таянычтарынын бири цензура болгон. Орус жандармеясынан айырмаланып, сталиндик режим убагында акыйкатты айткандарды ГУЛАГ менен тарбияласа, кийин «психушкага» салып, же чет мамлекетке диссиндент катары айдап жиберген. Кыргыз ССРи СССРдин бир субьектиси катары цензурадан четте калган эмес.
1985-жылы Горбачев тарабынан келген кайра куруу сөз эркиндигине жол ачкан. Түбү ар бир республикада бирден президент шайланып, акыры СССРдин жоголушуна алып келген. Борбордук Азия республикаларынын ичинен биринчилерден жулунуп демократияга кирген Кыргызстан 1990-жылы октябрда Акаевди президент шайлайт. Демократия менен келген Аскар Акаев сөз эркиндигине кысым жасай алмак эмес. Ал 1991-жылы, 1995-жылы эки ирет президентке шайланган соң 1993-жылы сөз эркиндигинин натыйжасында келген Кыргыз Республикасынын биринчи Башмыйзамына кол сала баштайт. 1997, 1998 жана 2003-жылдары Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү кийирип, сөз эркиндигине тайманбастык менен тийиштик кылып, «Асаба», «Республика» сыяктуу гезиттер бутага алынган, ошонун аркасы менен 2005-жылы мартта кубаланып кетүүгө дуушар болгон.
Элдин тагдырын оңдоо идеясы менен келген Бакиевдин убагында бийлик сересинде бейажал өлгөндөрдүн плеядасы пайда болгон. Бир учурда Бакиевдин бийлигин чыңдап берген Медет Садыркуловдун өлүмүнөн соң сөз эркиндиги ачык кысымга алынып, Геннадий Павлюк, Сыргак Абдылдаев сыяктууларды аянычтуу тагдырлар күткөн.
Роза Отунбаева кыска убакыттын ичинде сөз эркиндигин буйлалоого мүмкүн эмес эле. Атамбаевдин бийлиги сөз эркиндигине тушоо салууга абдан катуу аракет кылган. Кээ бир журналисттерге сот залы күнүмдүк иши катары сезилип калган, кээ бирөөлөргө миллиондогон акчалар салынып, кээ бирөөлөр камалып, чет мамлекетке качышып, эң запкы көргөн сөз эркиндиги муунтула башталган. Ага кошумча «уважаемая» Скрипкина журналисттердин төбөсүнө токмок менен урган мыйзамдарды иштеп чыгып, депутаттан чоң кызматка секирип кетсе, журналисттер «уйпаланган тоок» сымаал кала беришкен. Күргүштөп кирген социалдык тармактар акыйкатты бетке айтып, калыстыкты кармап турган. Акыркы мезгилдерде Атамбаевдин сөз эркиндигине салган тескери көз карашы бир аз сээлдеп, журналисттер деле «желмогуз», «жаналгыч» эмес эле кадимкидей адамдар экени билине баштады. Мындай сөз эркиндигинен «Иттин уулу Байгара» да колдонушуп, бүгүн социалдык тармактар сөөк талашкан аренага айланып бараткандай. Илгери «Бөдөнө сойсо да касапчы сойсун» деген макал бар эле, ээсин карап үргөн кошоматчылардын «полигонуна» айланып бараткан сөз эркиндигин оң жолго салуунун убагы жетти.
Парламенттик жыйында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Гулшат Асылбаева менен КСДП фракциясынын депутаты Айнура Осмонова сунуштаган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул мыйзам долбоорун Атамбаев айткандай, "чимкирик парламенттин" көпчүлүк чимкириктери колдоп, мектеп окуучуларындай колдорун кнопкадан алышкан жок.
Бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырык таштагандардын бири "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев, "Бүгүн коомго бул мыйзамдын кереги жок. Келе жаткан шайлоодо 30 жылдан бери кошомат кылгандарды иллюстрация кылууга мүмкүнчүлүк келет. Жогоруда кээ бир кошоматчылык кылып, кошоматчылык менен көмүрлөрдү, кендерди жыйнагандарды иллюстрация кылмайынча эч качан демократия орнобойт. Бүгүн элде тарыхый мүмкүнчүлүк бар. Парламенттик шайлоодо кошоматчылардан арылгыла. Ошондо гана эркин, адилеттүү мамлекетти түзсө болот",- деген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg