www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда наристелердин дээрлик жарымынан көбү атасыз төрөлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылы Кыргызстанда 170 миң бала төрөлсө, анын 22%ы расмий никеге турбаган энелердин балдары болгон. “Ошондой эле статистика боюнча бардык балдардын ичинен 49%ы үй-бүлөдө атасыз жашашат. Бул начар тенденция. Акыркы 5 жылда никени каттоо 10%га кыскарса, ажырашуу 19%га өскөн”,-деди ал.

Ошондой эле ал коомдо терс тенденция жүрүп жатат, үй-бүлөлүк баалуулуктардын төмөндөөсү байкалууда деп белгиледи.

“4-5 балалуу энеде балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасынын кол тамгасынын ордуна сызыкча менен белгиленген учурлар бар. Адатта, аялдар өздөрү үчүн атасы жок 1-2 бала төрөп алышат. Акыркы жылдары үй-бүлө институту бузулуп бара жатат. Изилдөөгө ылайык, өлкөнүн калкы 2030-жылга карата картая баштайт. Азыркы оор кырдаалдагы балдар ата-эне болушат жана мунун бары кандай болорун билбейбиз. Бүгүнкү ата-энелер 90-жылдардагы оор мезгилде чоңойгон балдар. Ошол муун азыр ата-эне болушту. Биз үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктарды, анын ичинде физикалык, сексуалдык зомбулуктарды көрүп жатабыз”,- деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости