www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир таанышым мага төмөнкү окуяны айтып берди:

Кыштын ортолору эле. Көптөн бери ооруп жаткан таекемди көргөнү бардым. Өмүр бою талыкпай эмгектенип өткөн таекем жетимиштен ашып калган эле. Ыраңы саргайган абышканын бир нече күндөн бери тамакка табити жоктугун, суюк тамактын суусунан, ошондо да кемпиринин кыстоосу менен бир-эки кашык ичип жатканын айтышты.

Сүйлөшүп отуруп маек арасында бейтаптан:

- Эмне жегиңиз келип атат?

- Айтыңыз, алып келели, - деп сурашты эле, ата көпкө чейин унчукпай:

- Азыр жүзүм бар бекен а?.. - деди. Ошол маалда уулу:

- Э-ээ, азыр жүзүмдүн баасы канча экенин билесизби өзү? - десе болобу?

Ата: - Эми, сурап койдум да, уулум. Адам карыса, жаш балага окшоп калат экен.

Мен өзүмдү таекемдин уулу ыңгайсыз абалда калбасын деп араң кармап турдум.  Эртеси дагы кабар алып, жүзүм алып келүүнү ниет кылдым. Бирок бул шалаакылыгым бир өмүрлүк арманга себеп болду. Эртеси эртең менен таекемдин жаны үзүлдү. Бир жума өтүп бала элге чоң дасторкон жайып, кой союп "эхсан" кылды.

Апамдын "уулум барып кой" деп туруп алганынан мажбур бардым. Кызмат кылып, чай ташып жүрүп дасторкондогу түрдүү мөмө жемиштердин арасында алтындай жаркылдап турган жүзүмдү көрүп, бир жума мурунку окуя көз алдыма келди. Тамагыма бир нерсе тыгылды. Көчөгө чыгып кеттим...

Акыры, таекем балдарымды багам деп ысык-суук дебей, оор жумуштарда иштеп ден-соолугунан айрылган эле го. Ата тирүүсүндө ага аз гана жакшылыгын көрсөтпөгөн перзент элдин алдына чачып эл көрсүн кылуунун эмне кереги бар?!

Сулайман Ажынын Фейсбуктагы баракчасынан, сүрөт интернеттен алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости