www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги мамлекеттик ооруканаларда иштеген медиктерге жеке менчик ооруканаларда эмгектенүүгө тыюу салууну сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Ага депутат Бурун Аманова суроо менен кайрылган.

Аманова: - Эмне үчүн жеке менчик клиникалар мамлекеттик ооруканаларга караганда жакшы иштейт? Элдин көбү акчасына карабай жеке менчик клиникаларга кайрылат. Ошол эле дарыгерлер иштейт да, туурабы? Түшкө чейин мамлекеттик ооруканада иштесе, түштөн кийин жеке менчик клиникаларда иштешет. Эмне үчүн жеке менчик клиникалардагы шарттарды мамлекеттик ооруканаларда түзүп койсо болбойт?

Бейшеналиев: - Сиздин сурооңуз убагында берилип жатат. Биз ушул боюнча силерге сунуш киргизели деп жатабыз. Ким мамлекеттик ооруканада иштесе, алар жеке менчик клиникада иштебеши керек. Эгерде жеке менчик клиникада иштесе, анда мамлекеттик ооруканада иштебесин деген сунуш киргизгени жатабыз. Себеби эртең менен мамлекеттик ооруканада кабыл алат, ошол жактан анализдерди дагы алат дагы, жеке менчик клиникага жаткырып, операция жасашат, акчасын алышат.

Аманова: - Мен медиктерге чектөө киргизүү туура эмес деп эсептейм. Менин айтайын дегеним, жеке менчик клиникалар түзүп жаткан шарттарды мамлекеттик ооруканаларда деле жасап койсо болот. Ошол эле аппараттарды мамлекеттик ооруканалар деле алса болот. Дарыгерлер деле айласы жоктон барып жатышат да. Себеби түшүнүктүү эле да, айлыкка жашай албайт, айлыгы төмөн. Чектөө коюунун ордуна, кайра кызмат көрсөтүүнү жакшыртып койбойлубу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости