www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Чимкирикпи”,“түкүрүкпү” ким койсо да атын таасын койгон парламентибиз бар. “Чимкирик” парламент деп Атамбаев койгондо депутат Исхак Масалиев гана “Мен чимкирик эмесмин” деп реакция кылды. Калгандары мурдунан тынып олтуруп беришкен, бирок каникулга кетеринде өздөрүн депутат кылып алып келишкен Атамбаевди жайлап кетишкен.Эми болсо жаңы ишке киришип от ала албай турушат. Чындыгы “Ата-Мекен” партиясынан башкаларынын депутат болуп келишине Атамбаевдин түз жана кыйыр таасири бар. Анткени, депутаттардын тизмесине Атамбаев көңүл буруп жакпаган Каныбек Осмоналиев, Надира Нарматова, Камила Талиева сыяктуу эл үчүн эмгектенгендерди чийип салган же өткөзбөй койгон.
Бул парламент учурунда Исхак Пирматов мунайзаттын барону болсо, Кожош алтындын баронуна айланды. “Чимкирик” парламент мыкаачы, киши өлтүргүч парламентке айланып баратат. “Бир карын майды , бир кумалак чиритет” дегендей, орус кызын тебелеп өлтүргөн Кожобек Рысбаев эч жазасы жок комитет жетекчиси. Эгер кыргыз бийлиги андай мыкаачыга чара көрбөсө, эртең Путин мындай мыкаачынын жаагын түлөтө чабат, ансыз деле Атамбаевден курсакка жеп жүргөн немени.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg