www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чиновниктер өздөрүнүн дарегине айып тагылышын каалашпайт

Азыркы учурда 14 жашка чейинки балдардын арасында респиратордук вирустук оорулардын күчөгөнү байкалууда. Бул тууралуу окуу процессин кадимки тартипке келтирүү маселеси боюнча жыйында Бишкек шаардык мэриясынын саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө №3 шаардык балдар клиникасы толуп калган.

«Биз мектептерди ачууга каршы эмеспиз. Бирок эгер бала ооруп калып, оор акыбалга кептелсе, орун жоктугунан аны эч жакка алып бара албай калабыз», - деди ал.

Б.Исмаилова шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы окуу процессин акырындык менен калыбына келтирүүгө каршы эмес, бирок кийин Саламаттыкты сактоо министрлигин, Билим берүү жана илим министрлигин, шаардык муниципалитет тарапты айыптоого жол бербөө үчүн бардык окуучулар үчүн мектептерде салттуу окуу тартибин ачууну сунуштабайт деп белгиледи.

Өз кезегинде Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы врачы Айнагүл Рыскулбекова жыл башынан бери COVID-19 жугузуп алган 1 миң 771 учур катталса, анын ичинен 43ү мектеп курагындагы балдар болгон деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости