www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапонияда Олимпиада комитетинин башчысы аялдарды кемсинткени үчүн кызматтан кетүүгө аргасыз болду.
83 жаштагы Есиро Мори жыйындардын биринде Комитетке мүчө аялдар оюн кыска-нуска билдире албай турганын айткан. Ал ошондой эле «аялдардын чубалжыган билдирүүлөрү кыжыр келтирээрин» да кошумчалаган. Моринин бул сөздөрү катуу сынга кабылып, коомчулук анын кызматтан кетишин талап кылган. Мори 12-февралда кызматын тапшырып жатып айткан сөзү үчүн кечирим сурады.
Есиро Мори 2000–2001 жылдары жапон өкмөтүн жетектеген. Былтыр пандемияга байланыштуу жылып калган Олимп оюндары Жапонияда быйыл өтөөрү пландалып жатат.
Бийлик быйыл дүйнөдө кырдаал кандай болбосун Олимпиада өтөөрүн билдирген.
Жапонияда эмдөө өнөктүгү башка өнүккөн мамлекеттерге салыштырмалуу кечигип жатат. "Pfizer/BioNTech" компанияларынын вакцинасынын алгачкы партиясы Токиого 12-февралда гана келди. Жакын арада эмдөө баштаалары күтүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg