www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Али Токтакунов өлкөбүздүн тынчтыгын бузам десе, ага каршы анти митингдин алдыңкы сабында он миңдеген адамдардын алдыңкы катарында мен да болом!», – деди бүгүн, 12-февралда NazarNews маалымат агенттигине машыктыруучу, дүйнөлүк чемпион Шайлообек Атазов.

- Райымбек Матраимовго чыккан соттун чечим адилетсиз болуп калдыбы? Нааразы болгондор парламент да, президент да коррупционерлердин барымтасында калды деп жатышат го?

- Негизи ким эмне десе дагы соттун чечими мыйзамдуу. Тагыраагы, укуктук баа берилип тиешелүү адистердин чечими чыкты. Биз көчө ушактарга эмес, укук коргоо органдарынын чечимине ишенгенибиз оң. Прокуратура  мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү орган катары бир нече айдан бери изилдеп, өз баасын берди. Сот чечимине нааразы болгондор фейктер жана аны каралоого буйрутма  берген адамдар. Ошондой эле  Американын саясатын колдоп, Райымбек Матраимовду жаман көрсөтүү үчүн аракет кылгандар. Кыскасы мына ушулар терс пикир жазып жатышат. Бирок, айрым  эксперттер Матраимовду каралоодо чет өлкөнүн да колу бар деген баасын беришүүдө.

Чынында Райымбек Матраимов саясий курмандык болду. Ага карабай бир нече ичи тар, ичине таруу айланбаган көралбас адамдар түрдүү жол менен каралап, эмне кылар айлаларын таппай жатышат. Райымбек Матраимов алар каралагандай адам эмес. Ал күчтүү менеджер, эмне деген күндө дагы ал элге керек. Болгону, мындай адамдар саясатта ар дайым жасалма буйрутма менен караланып келишет!

- Али Токтакунов митингдин алдына өзү болоорун, адилеттүүлүк үчүн күрөшөөрүн айтты го. Ага каршы да митингге чыкчулар бар деген маалыматтар айтылууда. Сиз да ага каршы чыккан митингчилердин катарында болосузбу?

- Кыргызстандын сот бийлигине кийлигишкенге Али деген элди эки бөлгөн шылуунга ким укук берди? Ал өзү кандай кызматта? Кандайдыр бир эл бузар келип эле митинг өткөрөм десе эле биз карап турат белек! Али митингге чыкканга моралдык укугу жок! Себеби, октябрь айында чыныгы коррупционерлер менен кол кармашып, мамлекетти басып алуу максатында митингде жүргөндө Алини патриоттор кууп жиберген. Али, биздин сүйүктүү өлкөбүздө ар дайым тополоң чыгарууну көздөгөн адам. Ага каршы болгон миңдеген адамдар биздин жеке кат куржунубузга «Али чет өлкөдөн каржыланган шпион» деп жазып жатышат. Эгер Али өлкөбүздүн тынчтыгын бузам десе, ага каршы анти митингдин алдыңкы сабында он миңдеген адамдардын алдыңкы катарында мен да болом! Себеби, биз 2010-2017-жылдары элибиздин патриоттору Мырзакматовду, Ташиевди, Жапаровду колдоп митингдерге чыгып, чындык издеп, чыныгы коррупционерлер менен күрөшүп жүргөнбүз! Мына ошол учурда бул Али дегендин жыты да жок болчу! Кыскасы, Алиге  элибиздин тынчтыгын бузганга жол бербейбиз!

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости