www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда автоунаага байланыштуу алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 27-октябрында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Шопоков шаарынын тургуну 1990-жылы туулган, Д.Т. аттуу жаран, арыз менен кайрылган. Арызында ал 2025-жылдын 15-майында Т.Р. аттуу жаран анын ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен анын KIA Morning үлгүсүндөгү автоунаасын KIA K7 үлгүсүндөгү автоунаага алмашуу боюнча макулдашып, кошумча катары 2500 (эки миң беш жүз) АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алгандыгын билдирген.
Андан соң Т.Р. KIA K7 үлгүсүндөгү автоунааны «Унаа лизинг» компаниясына каттатып, кийин кайра алып коюп, акча каражатын кайтарып бербестен жана келишимде каралган милдеттенмелерин аткарбастан, байланыштан качып жүргөн.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
2026-жылдын 13-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1991 жылы туулган Т.Р. аттуу шектүү Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кармалган жаран башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө. Тергөө иштери улантылууда.