www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 26-апрелинде Чүй РИИБине ыкчам маалымат келип түшкөн, анда ошол эле күнү Чүй районунун ИИБинин мобилдик тобу менен биргеликте кызмат өтөө учурунда, болжол менен саат 23:00 чамасында Токмок–Кошой автожолунун 3-чакырымында түштүктөн түндүккө карай бара жаткан унаа токтотулгандыгы маалымдалган.
Унааны 1996-жылы туулган И.Ж. аттуу жаран башкарып, ал күмүш түстөгү «Opel» үлгүсүндөгү автоунаа болгон. Текшерүү учурунда аталган унаанын ичинен 21 даана тоголок формадагы, ныкталган, күрөң түстөгү, кара куурайдын өзгөчө жыты бар ором табылган.
Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо чыккан. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө алынган маалымат тастыкталган.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат психотроптук зат — жалпы салмагы 214 грамм болгон гашиш экени аныкталган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (сатуу максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, 1996-жылы туулган И.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда окуянын бардык жагдайларын жана мүмкүн болгон шериктештерди аныктоого багытталган кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Тергөө улантылууда.