www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швейцарияда Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тун кызына байланышкан акча адалдоо иши боюнча сот процесси башталды. Каримова пара алуу жана «Кеңсе» деп аталган кылмыштуу түзүмдү жетектөө боюнча айыпталууда.

Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, бул түзүм 2005-2013-жылдары жүз миллиондогон доллар каражатты Швейцариядагы эсептерге өткөрүп турган.

Өзбекстанды чейрек кылымдан ашык башкарган Ислам Каримовдун саясий мураскери саналган Гүлнара Каримованы 2020-жылы Ташкент шаардык соту 13 жыл 4 айга эркинен ажыраткан.

Ал "мамлекеттик каражатты уурдаган жана бирөөнүн мүлкүн тартып алуу менен Өзбекстандын кызыкчылыгына каршы макулдашууларга барган" деген беренелер менен күнөөлүү деп табылган. Ал алты жылдай Ташкент облусунун Зангиата районундагы аялдар колониясында жазасын өтөп, былтыр жатак абакка чыгарылган.

Швейцариянын соту процесс канча убакытка созулары жана өкүм качан чыгары белгисиз экенин билдирди.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова мамлекетке, жарандарга келтирген зыяндын жалпы суммасы 1 трлн 270 млрд 200 млн сумду, 1 млрд 651,8 млн АКШ долларын, 26,1 млн еврону түзөрүн маалымдаган.

Последние новости