www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун айрым райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жаңы жетекчилер дайындалды.
Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп милициянын полковниги Эмиль Кемелов дайындалды.
Ал эми милициянын майору Шайлообек Мийзамидинов Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары кызматына дайындалды.
Жаңы жетекчилерди Чүй облусунун ИИББнин башчысы, милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов өздүк курамга тааныштырды.
Аларга коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү, жарандардын укуктарын коргоо жана эл менен милициянын ортосундагы ишенимди бекемдөө боюнча бир катар милдеттер коюлду.