www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстанда бир жашка чейинки 666 бала чарчап калган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыр ушул эле мезгилде 675 ымыркай каза болгон.
Маалыматта ошондой эле наристелердин ичинен 448и перинаталдык мезгилде пайда болгон илдеттен улам чарчап калса, 113 ымыркай тубаса өнүгүү кемтиктеринен улам көз жумганы айтылат. Мындан тышкары жугуштуу жана мите ооруларга, нерв системасынын ооруларына жана башка себептерге байланыштуу болгон.
Саламаттык сактоо министрлиги 2030-жылга чейин перинаталдык кызматты реформалоого даярданууда. Анын ичинде кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөө системасын жана бейтаптарды багыттоону жакшыртуу, төрөткө чейинки кам көрүү стандарттарын кайра карап чыгуу жана төрөткө чейинки скрининг технологияларын киргизүү бар. Булардан тышкары генетикалык лаборатория түзүү жана үй-бүлөнү пландаштырууну өнүктүрүү да перинаталдык тармакты реформалоого кирет.