www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Филиппинде тынымсыз жааган муссондук жаандан улам сел жана жер көчкү жүрүп, кеминде 12 адам каза болду. Дагы сегиз адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу 10-августта Bloomberg агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, түштүк-батыш муссону эки тропикалык циклон менен күчөп, 33 провинцияда 500 миңден ашуун адам табигый кырсыктан жабыркаган. Жүздөгөн үйлөргө жана инфраструктуралык объектилерге зыян келтирилген.
Багио тоолуу шаарында жер көчкү бир нече үйдү басып калып, төрт адам каза болгон, дагы алты адам дайынсыз болууда. Окуя болгон жерде 150гө жакын куткаруучу иштеп жатат.
Шаарда нөшөрлүү жаандан улам дагы онго жакын жер көчкү катталганы маалымдалды.