www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте айымдар командалары арасында Кыргыз Республикасынын футбол Кубогунун 2026-жылкы финалы өтүп, анда «АЗИЯГОЛ-СИ» командасы жеңишке жетти.
Финалдык беттеш 9-августта Бишкек шаарындагы Улуттук футбол академиясында «АЗИЯГОЛ-СИ» менен «Достук» командаларынын ортосунда өттү. Оюндун негизги жана кошумча убактысында эсеп ачылган жок — 0:0.
Кубоктун жеңүүчүсү пенальтилер сериясында аныкталып, анда «АЗИЯГОЛ-СИ» атаандашын 5:4 эсебинде жеңди.
Ошентип, Бишкектин командасы 2026-жылкы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси аталды.
Быйылкы мелдешке жалпысынан жети команда катышты. Алардын катарында «АЗИЯГОЛ-СИ», «Достук», «Илбирс», «Ысык-Көл», А. Момунов атындагы футбол академиясы, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин командасы жана Чүй облустук балдар-өспүрүмдөр спорт мектеби болду.
Белгилей кетсек, өткөн жылкы Кубоктун ээси «Илбирс» мелдешти жарым финалдык баскычтан баштаган.
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын Айымдар футбол ассоциациясынын президенти Салтанат Эгембердиева жана ассоциациянын вице-президенти Айдана Оторбаева катышып, жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине сыйлыктарды тапшырышты.