www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги бензин жана дизелдин учурдагы баасы

2026-жылдын 10-августуна карата Бишкекте АИ-92 бензининин орточо баасы литрине 86,9 сомду, АИ-95 бензини 109,9 сомду түзөт. Бул маалыматты Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жарыялады.

Дизель майынын орточо баасы литрине 99,9 сом, ал эми суюлтулган көмүртек газы 48,8 сом болууда.

Бишкектеги күйүүчү майдын орточо баасы:

  • АИ-92 — 86,9 сом;
  • АИ-95 — 109,9 сом;
  • дизель майы — 99,9 сом;
  • суюлтулган газ — 48,8 сом.

Монополияга каршы кызматтын салыштырма маалыматына ылайык, Кыргызстанда бензин менен дизель майы Казакстанга жана Орусияга караганда кымбатыраак. Мисалы, Казакстанда АИ-92нин баасы сомго которгондо 46,6 сом, Орусияда 75,6 сомду түзөт.

Ал эми Тажикстанда, Өзбекстанда жана Арменияда күйүүчү майдын айрым түрлөрү Кыргызстанга караганда кымбат.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү-майлоочу майлар рыногундагы баалардын туруктуулугун камсыздоо жана атаандаштыкты коргоо боюнча ишти улантууда. 

Последние новости