www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда сот адилеттиги тармагындагы бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоордогу негизги сунуштардын бири — укуктук талаш жок болгон техникалык маселелерди сотко кайрылбастан чечүү.

Мисалы, жаранды жашаган жери боюнча каттоодо туура эмес маалымат же документтеги ката аныкталса, тараптардын ортосунда талаш жок болгон учурда аны соттун чечимисиз оңдоо мүмкүнчүлүгүн киргизүү сунушталууда.

Ушундай эле тартип жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоодо (ЗАГС) кетирилген ачык-айкын каталарга да колдонулушу мүмкүн.

Алардын катарына туулган күндүн туура эмес көрсөтүлүшү, аты-жөнүндөгү ката же кайталанган жазуулар кирет.

Эгер тараптардын ортосунда талаш жаралса, мындай маселелер мурдагыдай эле сот аркылуу чечилет.

Мындан тышкары, сот аткаруучуларга аткаруу өндүрүшүнүн алкагында банктардан зарыл маалыматтарды өз токтомунун негизинде суратып алуу укугун берүү сунушталууда.

Долбоордун авторлорунун пикиринде, бул сот чечимдеринин аткарылышын тездетип, ар бир маалымат үчүн кайрадан сотко кайрылуу зарылдыгын азайтат.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты — бюрократиялык жол-жоболорду кыскартуу, соттордун жүгүн жеңилдетүү жана жарандардын маселелерин тез арада чечүүгө шарт түзүү.

Белгилей кетсек, документ учурда коомдук талкууда. Ага сунуш-пикирлерди эске алуу менен өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Последние новости