www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарындагы тергөө абагы жайгашкан тарыхый имарат музей катары пайдаланылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев билдирди.
Анын айтымында, учурда тергөө абагы жайгашкан мекеме шаардын сыртына, Отуз-Адыр айылына көчүрүлөт. Ал эми азыркы имарат музейге айландырылат.
Маалыматка ылайык, тарыхый имаратты 1890-жылдары Алымбек датка менен Курманжан датканын уулу Камчыбек кербен сарай катары курдурган.
Имарат Ош шаарынын тарыхый мурастарынын бири катары сакталып, келечекте музей катары шаар тургундарына жана туристтерге кызмат көрсөтөт.