www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 14-апрелинде болжол менен саат 19:35те Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу төмөнкүлөрдү аныктаган: 1987-жылы туулган А.Т. аттуу жаран «Hyundai Robex 140W» үлгүсүндөгү экскаваторду башкарып, Колесникова көчөсү менен түштүктөн түндүк багытында бара жатып, жолдун четинде турган Сосновка айылынын 2021-жылы туулган жашы жете элек тургуну А.С.ны сүзүп кеткен.
Натыйжада, жашы жете элек А.С. өмүргө кооптуу жаракаттарды алып, окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (автоунаа каражаттарын пайдаланууда жана жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.
Айдоочу А.Т. Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бардык зарыл болгон соттук экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери уланууда.