www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Темирлан Айтиев жана Гүлжан Сатиева КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын төрагаларынын орун басарлары болуп шайланышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, депутат Темирлан Айтиев КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Ал эми депутат Гүлжан Сатиева КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп шайланды.

Белгилей кетсек, комиссиялардын жыйындары бүгүн, 16-апрелде Санкт-Петербург шаарында Шериктештикке мүчө мамлекеттердин депутаттарынын катышуусунда өтүүдө.

Последние новости