www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунда бейбаштыкка шектүүлөр кармалганы облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-февралда Токмок ШИИБине 1988-жылы туулган М.Х. аттуу жаран арыз менен кайрылып, өзүнө белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 2026-жылдын 27-февралында болжол менен саат 22:30 чамасында Токмок шаарынын Сарбагышев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринин жанында белгисиз адамдар бейбаштык ниетте ага жана анын бир туугандарына дене жаракаттарын келтиришкен.
Токмок шаарынын Жалпы дарыгерлик практика борбору тарабынан берилген медициналык маалымкатка ылайык, М.Х. жана 1996-жылы туулган М.А. жабыркаган жарандар жабык баш мээ жаракаты, мээнин чайкалышы, көгөргөн жана кесилген жаракаттар жана башка дене жаракаттарын алгандыгы аныкталган.
Бул факты боюнча Токмок ШИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 2007-жылы туулган Ш.А. жана 2007-жылы туулган П.С. аттуу жарандар аныкталып, кармалган.
Шектүүлөр Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шаардык соттун чечими менен аларга карата 1 ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда окуянын бардык жагдайларын, ошондой эле башка мүмкүн болгон катышуучуларды аныктоо максатында керектүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы