www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүйдө алдамчылыкка шектелген эки аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-февралда 1942-жылы туулган Ш.В. милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында ошол эле күнү саат 14:00 чамасында анын үйүнө эки аял балдар үйүнө гуманитардык жардам чогултабыз деген шылтоо менен кирип, сүйлөшүү учурунда пенсионерди суракка алып, 80 миң сомун уурдап кеткен эки аялга чара көрүүнү өтүнгөн.
28-майда ушундай эле факты менен Кара-Балта шаарынын тургуну 1944-жылы туулган Т.Г. 20 миң сомун уурдап кеткени маалым болгон.
2-июнда Жайыл РИИБинин кызматкерлери Аламүдүн районунун аймагынан 30-35 жаштагы цыган улутундагы эки аялды кармашкан. Алар Чүй жана Бишкек шаарынын аймагында алдоо жолу менен улгайган адамдардын ишенимине кирип, "кара дубаны чечип беребиз" деген шылтоо менен алардын мүлкүн жана акчасын мыйзамсыз ээлеп алуу менен алектенгени аныкталган.
Кармалган жарандардын өздүгү (Чүй облусунун тургуну 1985-жылы туулган А.Г. жана 1994-жылы туулган И.Т.) такталып, Жайыл РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Алар карыларга карата алдамчылык менен байланышкан бир катар кылмыштарга шектелүүдө. Учурда алардын башка кылмыштар тиешеси бар же жоктугу иликтенүүдө.
Шектүүлөрдүн аракетинен жапа чеккендер болсо - 0312 - 221 558 (нөөмөт бөлүмү), 0706 - 162 - 163 номерлерине кайрылсаңыз болот.
Булак: NazarNews.kg