www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы, ЖКнын экс-депутаты Жылдызкан Жолдошеванын 2020-жылдын 12-июнунда Садыр Жапаровго жазган пикирин окурамандарга сунуштайбыз. Текст өзгөртүүсүз берилди:

"Садыр Жапаров - эл уулу" деген өтө бийик жана ыйык атка конду. 

Мындай даңазалуу, легендарлуу, кылымдарга жана тарыхта кала турган инсан - эли үчүн ак эмгек өтөө менен бирге, адам чыдагыс...азаптарды башынан өткөрүшү аттиң...зарыл тура...

Кумтөр маселесин, КР ЖКнин ар бир чакырылышында изилдеп чыккан депутаттар болду, бирок эч кимиси С. Жапаровтой терең изилдеп, аягына дейре өз позициясында калган жок, канча азап чекпесин... Болгондо дагы танылгыс, эч ким четке кагалбаган фактылар менен... Жапаровтун изилдеген материалдарынан, Жогорку Кеңеште айткан сөздөрүнөн төмөнкү чындыкты, дагы бир жолу кайталап койсом:

1. Кумтөрдөн Канадалык компания жылына 20 тонна алтынды, келишим менен тышка чыгарышат, б.а. официалдуу түрдө, бул деген 1,0 млрд америкалык доллар, о.э. "левый" жол менен дагы 20 тонна, бул деген дагы 1,0 млрд америкалык доллар...экөөнү кошсок 2,0 млрд.доллар дегенди билдирет (бул маалыматты Садыр Нургожоевич 2012-жылы айткан, азыр абал кандай, биз билбейбиз)...

2. Садыр Жапаров, эмне себептен Кумтөрдү уллутташтырсак деген, анткени канадалык компания "Камеко",  биздин алтынды күрөөгө коюп кредит алышып, бүт фабрика ж.б.курулуштарды курган, Кумтөрдөгү. Мыйзамдын негизинде, "күрөөгө" (залог) биздин алтын коюлгандыгын Садыр далилдей алды жана улутташтурууга толук, мыйзам ченеминде мүмкүнчүлүк бар экенин ачык айтты, тилекке каршы мурунку бийлик, КР ЖКтин V-чакырылышынын коалициялык көпчүлүккө кирген, бизнеси бар депуттар Жапаров даярдаган токтомго каршы чыгышкан. Өкүнүчтүүсү, кыргыз элине таандык алтынды бүгүнкү күнгө дейри казып чыгып кетүү менен чектелбестен, алтындан да кымбат, албетте бул "суу"- "мөңгүлөрдү" талкалашып жатканы, биздин негизги байлыгыбыз суу менен, электро энергияга эбегейсиз зыяны тиери анык. Эгерде, 2012-жылы улутташтырганда Кумтөрдү, анда мамлекетибиз эбак эле, бүтүндөй тышкы карыздан кутулуп, өз алдынча кредит албай, өнүккөн өлкөгө айланат элек, бул талашсыз чындык.

3. С. Жапаровтун КР ЖКнин комиссиясынын төрагасы катары, Кумтөр маселесин иликтөөдө, маалымат берүүдө, токтомду жогорку деңгээлде даярдаганын...көптөгөн чет өлкөлүк эксперттер таң калышып айтканы...албетте Садыр Жапаровтун мекенчил, өтө билимдүү жана өз элинин бакубат жашоосун каалаган, мамлекеттин өнүп-өсүшүн тилеген күчтүү саясатчы жана мамлекеттик ишмер экенин далилдей алды.

4. С. Жапаровко эң жакын достору аркылуу 100 млн америкалык доллар "пара" сунуштаганда, өтө ачулануу менен четке каккан, анткени Кумтөргө жакын райондордо, бир эле мал-жандык эмес, оорулуу балдар төрөлө баштаган...элин, жерин ойлогон чыныгы кыргыздын уулу-Садырдай болуш керек.

5. Монголия өлкөсү биздин, көлөмү Кумтөрдөй болгон алтын кенин, Кумтөрдү иштетип жаткан ( Камеко, Кумтор оперейтинг компания, Кумтор голд компания, кийин Центерра) кандай аталбасын Монголия Өкмөтү менен келишим түзөт, монгол элине таандык алтынды...Садыр Жапаровтун, КР ЖКде берген маалыматынан жана жарык көргөн китебинен соң, Монголия республикасынын Парламенти канадалык компания менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарган. Мени өкүндүргөн, намысыма тийген нерсе, Садыр Жапаровтун изилдөөсүн Монголия Парламенти туура пайдаланганы...Ал эми биздин Парламент эл үчүн, мамлекет үчүн кызмат кыла албагандыгыбыз, өз кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюшканы...аттиң "кыргыз" намыскөй эл элек го...

6. Садыр, Кумтөрдүн алтынын элге кайтарам деп, адилетсиз камалды...Атасынан, апасынан айрылды, чындык үчүн адам чыдагыс ", азаптарды" тартып келет... Аягында чырактай уулунан айрылды...көрсө чындыктын жолу өтө азаптуу, узун, саткынчылык, көрөалбастык, ырайымсыздык, "намыстан" "акчаны" бийик койгон каракчылардын ж.б.у.с. тоскоолдуктардан өтүү керек экен.

Садыр, сен көргөн азапты, эч ким көрбөсүн, бирок сендей болуп, Эл-уулу деген ыйык, бийик атка конгон уулдарыбыз көп болсун.

"Ак ийилет, бирок сынбайт", сендеги кайрат, сабырдуулук,  күч, намыс, мекенчил сезимиң, эл үчүн соккон өзгөчө жүрөгүң жана сендеги "дух", ар бир кыргыздын уулунда болсо дейм...Өмүрүң узун болсун, элиң үчүн болгон жалгыз тилегиң, Кумтөр элдин кызыкчылыгы үчүн, эртеби кеч иштээри анык, андай болбосо... Сен эмнеге ошончо азап чектиң?...

Эске сала кетсек, учурда Жылдызкан Жолдошеванын президент Садыр Жапаров менен пикирлери келишпейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости