www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморное айылындагы мектепке 275 орундуу жаңы окуу корпусу курулду.
Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштерине жалпы 111 млн сом жумшалган. Жаңы имараттын жалпы аянты 1 975 чарчы метрди түзөт.
Корпуста заманбап окуу класстары, китепкана, лаборатория жана жыйындар залы каралган. Ошондой эле жайкы машыгуу аянтчасы курулган.
Курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү жана сапаты Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлгө алынган.
Жаңы корпус жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берилип, мектепте эки нөөмөт менен 600гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.