www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин катышуусунда парламенттин санариптешкен заманбап музейи жана жаңыланган жыйындар залдары ишке киргизилди.

Алгач Президент менен Төрага оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн жыйындар залдарын көрүп, түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Жаңыланган залдар толугу менен санариптик форматта иштөөгө ылайыкташтырылган. Аларда каралып жаткан маселелерге тиешелүү жетекчилердин, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн онлайн катышуусуна шарт түзүлгөн.

Бул маселелерди ачык-айкын талкуулоого жана убакытты натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Андан соң Садыр Жапаров менен Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жаңыланган музейин ачышты.
Музейде атайын гид-робот конокторду тосуп алып, экспозициялар тууралуу маалымат берет.

Музей эки бөлүктөн турат.

Биринчи бөлүгү кыргыз элинин жана кыргыз парламентинин тарыхына арналса, экинчи бөлүгү «Санарип парламент» деп аталат.

«Санарип парламент» бөлүгүндө Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү, анын ичинде мыйзам чыгаруу процесси санариптик форматта чагылдырылган.

Келүүчүлөр атайын экрандар аркылуу парламенттин иши тууралуу маалымат ала алышат.

Президент Садыр Жапаров жаңыланган музейдин ишине жогору баа берип, парламенттин тарыхы жана ишмердүүлүгү тууралуу шайлоочуларды, өзгөчө жаштарды жана меймандарды кеңири маалымдоо маанилүү экенин белгиледи.

Последние новости