www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үчүнчү дүйнөлүк согуш башталдыбы?
Көп учурда дүйнөнү дүрбөлөңгө салган окуялардын чыныгы масштабын адамдар учурунда толук түшүнө албайт. Арадан бир канча жыл өткөндөн кийин гана тарых ошол окуяларга баа берет. Бүгүнкү дүйнөдөгү чыңалуу да ушундай суроону жаратат. Адамзат азыр чындап эле жаңы глобалдык кагылышуунун доорунда жашап жатабы?
Тарыхта “Дүйнөлүк согуш” деген түшүнүк, ири державалар катышкан, бир нече континентке жайылган глобалдык кандуу кагылышууну билдирет. Мындай согуштар миллиондогон адамдардын өмүрүн алып, империяларды кыйратып, жаңы мамлекеттерди жаратып, дүйнөлүк тартипти түп-тамырынан өзгөртөт.
1914-жылы башталган Биринчи дүйнөлүк согуш да, башында жөн гана аймактык жаңжал катары кабыл алынган. Бирок союздаштык системасынын натыйжасында бир нече жуманын ичинде Европанын көпчүлүк өлкөлөрү согушка тартылып, ал дүйнөлүк масштабга жеткен. Натыйжада 17 миллионго жакын адам каза болуп, Герман, Австро-Венгрия, Осмон жана Россия империялары тарых бүктөмүнө кетти.
1939-жылы Германиянын Польшага кол салуусу Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы болду. Ал да башында көптөргө жөн гана дагы бир эки өлкөнүн ортосундагы согуштай көрүнгөн. Бирок кыска убакытта 60тан ашуун өлкө тартылып, 70-80 миллион адамдын өмүрүн алган адамзат тарыхындагы эң кан төгүлгөн кагылышууга айланды. Согуштан кийин дүйнөлүк тартип өзгөрүп, Германиянын, Франциянын, Англиянын гегомониялык саясаты токтоп, АКШ менен СССР супердержаваларга айланып, Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөн.
Бүгүнкү дүйнө да туруксуз мезгилди баштан кечирүүдө. Жакынкы Чыгыштагы согуштар, Израилдин Палестинаны талкалаган от күйгөн абал, Сириядагы жаңжалдар, пандемиядан кийинки глобалдык кризис, Пакистан-Афганистан кагылышуусу, Россия менен Украинанын согушу жана Иран менен Израилдин согушу, ага Американын аралашуусу дүйнөдөгү чыңалууну күчөттү. Бул кагылышууларга дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү түз же кыйыр түрдө тартылып жатат.
Бирок азыркы согуштар мурдагыдан айырмаланат. Дрондор, киберчабуулдар, спутник технологиялары, жасалма интеллект жана маалыматтык согуш негизги куралдардын бири болуп калды. Геосаясий блоктор күчөп, куралдануу жарышы кайра ылдамдап жатат.
Кээ бир эксперттер адамзат буга чейин эле глобалдык каршылыктын жаңы фазасына киргенин айтышат. Башкалары муну азырынча аймактык жаңжалдар деп эсептешет. Бирок тарых көрсөткөндөй, дүйнөлүк согуштар күтүүсүз башталбайт. Алар акырындык менен жаралат.
Бүгүнкү күндө дүйнө барган сайын кооптуу жана чыңалуу күчөгөн этапка кирди. Балким, келечекте тарых китептеринде азыркы учур “Үчүнчү дүйнөлүк согуш” башталган мезгил катары жазылат.
Алмаз Темирбек