www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Атанын мэри оозун ачып эле отурабы?

Ысык-Көл районунун борбору Чолпон-Ата шаарына төрт ай мурда дайындалган мэр Жапарбек Ормонов иштин көзүн билбей жатабы же дагы башка себептери барбы айтор, келгени иштеген ишинен бир жыйынтык чыкпады.

Мурда Ош шаардык кеңешинде спикер болуп иштеген. Ал жерде деле жарытылуу иш жасаганын уккан жокпуз. Бул киши кандай жол менен Чолпон-Ата шаарына мэр болуп калганы белгисиз. Анын үстүнө чолпон-аталыктар анчалык деле жактырышпай, "жашап калмак беле, акыры кетчү киши да" деген таризде мурдуларын чүйрүп отурушат экен.

Жылмаңдап олтурбай жок дегенде келерки жылдагы туристтик сезонго жакшылап даярдык көрсө болду. Ушундай ары эмес, же бери эмес жетекчилердин айынан иш артка кетип, эл кыйналат да. Кадр деп эле коё беришпей, кичине ылгашса болот эле...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости