www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын тургуну өз алдынча кыймылдай алган дүйнөдөгү эң жапыз адам деп табылды. Ал Гиннесстин рекорддор китебинин сайтына ылайык, мурунку рекордчудан дээрлик жети сантиметрге кыска.

Афшин Эсмаил Гадерзаденин бою 65,24 сантиметр. Ага чейинки 36 жаштагы колумбиялык Эдвард Эрнандестин бою 72,1 сантиметрге жетет. 20 жаштагы ирандык Гиннестин рекорддор китебинен дүйнөдөгү эң кыска адам наамын алган төртүнчү адам болуп калды.

Ал Ирандын Букан облусунун алыскы айылынан табылган. Төрөлгөндө Афшиндин салмагы 700 грамм болгон. Азыр анын салмагы 6,5 килограмм. Боюнун кыскалыгына байланыштуу мектепке бара албай, үйдөн окуган. Жакында эле ал өзүнүн атын жазганды үйрөндү.

Азыр Афшин күндүн көп бөлүгүн интернетте өткөрөт.

«Мен ата-энеме жардам берүүнү кыялданам. Бул дүйнөлүк деңгээлдеги таанылуу менин кыялымды ишке ашырууга жардам берет деп үмүттөнөм», - деди Афшин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости