www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Жол жана Ак-Суу айыл өкмөттөрүнүн аймагында жайгашкан көмүр кенин иштетүүчү жеке компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматкы ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргөн. Анда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жана «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин көмөк иш-чараларынын негизинде жеке компаниялардын мыйзамсыз иштери аныкталган.

«Тийиштүү адистердин тыянагынын негизинде тоо-кен иштетүүчү жеке компаниялар эч кандай иш кагаз жана каттоо уруксаты жок ишмердүүлүгүн лицензиялык аймагынан сырткары жүргүзүп келишкен. Ошонун кесепетинен мамлекетке 4 477 723 сом зыян келтирилген. 

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жеке компаниялар өз ыктыярлары менен мамлекеттин эсебине 2 205 715 сом кайтарышты.

Азыркы учурда келтирилген зыяндын калган бөлүгүн толугу менен кайтаруу максатында ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости