www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күлөйүн дейсиң күлө албайсың. Ыйлайын дейсиң ыйлай албайсың. Мындайда айтаар да сөз таба албайсың. Анткени, ашата сөгүүгө маданиятың жол бербейт. Эмне деген түркөйлүк. ”Ушундай деңгээлдеги адам Кыргызстанга 6 жыл Президент болгон” - дегенди эч ким укпасын дейин десең маалымат көз ирмемде дүйнөнү айланган заманда жашап жатабыз.
Мамлекетке каршы чыгып, үйүнүн айланасына таш төктүрүп, “Тапанчам бар коргоном”- дегенди реалдуу жашоону кой, жомоктон деле жолуктура албайсың. Мага салмак замбирегиң болсун, Сен мамлекетин букарасы болгондон кийин Сага карата күч табылат да. Болгондо да мыйзамдуу жол менен. Маселен тергөөгө чакырган “чакыруу” барат.
Келбейсиң. Кылмышыңа дагы кылмыш кошулат. Сотко чакырат. Келбейсиң. Кылмышыңа дагы кылмыш кошулат.Чакырып баргандарга күч колдонуп кубалайсың. Ошентип өз үйүң өзүңө түрмөгө айланат. Акыры күчөп отуруп мыйзам жолу менен эле террорист дегенге чейин кылмыш кылган болосуң. Террористтерди бүткүл дүйнөдө эмне кылат, өзүң түшүнүп ал.
Булак: Nazarnews.kg