www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпонкул Арабаев:

Өлкөдө кадр саясатын турукташтыруу керек. Мындай пикирин КР эмгек сиңирген юристи Чолпонкул Арабаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кадр маселеси - өлкөдөгү толкундоолордун себептеринин бири. Кадр тандоо көйгөй маселеге айланды. Анткени «кадр баарын чечет» деген сөз бүгүн да актуалдуулугун жоготкон жок.

Эл көбүрөөк жогорку саясий кызматта отургандарга (депутаттарга, министрлерге, өкмөттүн мүчөлөрүнө) нааразы. Айрыкча бийлик бутактарынын аппараттарына да кызматкерлер конкурстук негизде тандалып алынышы керек.

Акыркы 10 жылда Мамлекеттик кадр кызматынын мүмкүнчүлүгү чектелип калды. Мурдагы президентке жакын адамдар келип, жасалган бир топ иштерди кайра талкалап кетишти. Куда-сөөгүн, жакын туугандарын кызматка дайындоодон оолактап, кесипкөй кызматкерлерге орун берилиши керек.

Арабаев президент Садыр Жапаровдун кадр тандоо боюнча жарлыгына да токтолуп өттү.

«Эгемендүүлүк тарыхыбызда мынчалык деңгээлде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге көңүл бурулган жок. Жарлык абдан маанилүү, маңыздуу жана өз убагында чыкты», - дейт Арабаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости