www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абдырахман Маматалиев: Кыргызстанда кадр жетиштүү

Кыргызстанда кадрлар жетиштүү. Көптөгөн билимдүү, тажрыйбалуу, демилгелүү жаштар бар. Мындай пикирди Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев айрым маалымат булактарына билдирди.

 

Анын айтымында, мыкты кадрлар мамлекеттик, муниципалдык кызматтан четте калган. Мындай көйгөйлөрдү жоюуда президент Садыр Жапаровдун кадр тандоо боюнча жарлыгы жардам берет. Жарлыкта каралган багыттар ишке ашат. Ал үчүн учурда бир топ мыйзамдар даярдалып, буга чейинки токтомдорду, жоболорду өзгөртүү каралууда.

«Президенттин кадр тандоо боюнча жарлыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кесипкөйлүк, моралдык адеп-ахлактык сапаттарынын негизинде алынары так көрсөтүлгөн. Ошондой эле кандайдыр бир кемчиликтер менен жумуштан алынып, кадыр-баркын түшүрүп, коррупциялык иштерге аралашкан кадрларды кызматка дайындоого тыюу салынат», - дейт Маматалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости