www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң муштум мэр, сабап коет тийишсеңер

2 - июлдан 3 - июлга караган түнү Жалал - Абад шаарынын мэринин туугандарына таандык "Тагай бий" мончосунан шаар мэри Мураталы Тагаев жергиликтүү тургунду төпөштөп койду деген кабар желдей тарады. Маалыматка ылайык жабырлануучу ошол эле түнү ооруканага кайрылып:

Ага «башынан жараат алган, мээси чайкалган, мурдунун сөөгү сынган, моюнда жана бетте көгала тактар бар» деген диагноз коюлган». Андан тышкары жабырлануучунун укук коргоо органдарына жазган арызы да белгилүү болду. Мындай чоң муштум жетекчилерди тартипке чакырып же бир чара көрүлөбү?

Же эмне колунан келсе эле койдой сабап басып кете беришеби?

Мэрдин бул кылыгы биринчиси же акыркысы эмес. Дегенибиз ушул эле жылдын май айларында журналисттерди сөгүп, шаардагы жасалып жаткан иштер жакшы чагылдырылбай жатканын айткан аудиосу тараган. Андан тышкары мэрдин үстүнөн «Кызмат абалынан кыянатык менен пайдалануу» беренеси менен жыл башында козголгон дагы бир ишти учурда УКМКнын облустук башкармалыгы териштирип жатат. Эске сала кетсек былтыр декабрда Жалал - Абад шаарынын 72 жаштагы тургуну Урниса Турдиева мэрден өз иш бөлмөсүндө ыдык көргөнүн билдирип, прокуратурага кайрылган.

Булак: Факты.kg

Последние новости