www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22 - апрель саат 18:00 чамасында Панфилов району Кумарык айылынын тургуну (аты жок) зөөкүр аялын сабап тирүүлөй жерге көмүп салган. Бул тууралуу алып баруучу Мирбек Осмонов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
“Чоңойуп калган баласы көрүп, кошуналарына айткан, тегеректеги эл чогулуп жерди кайра казып, аялды тирүү алып чыгышкан. Бул боюнча жергиликтүү тургундар милицияга кайрылган. Милиция окуя болгон жерге келип, зөөкүрдү кармап кеткен. Эки сааттан кийин кайра коё берген. Эми аялын өлтүрөм деп кууп жүрөт дешүүдө. Бул окуяны иликтөө үчүн баардык журналисттерге чукул кайрылам...” – деп жазган Мирбек Осмонов.
Булак: NazarNews.kg