www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-апрелде үстүбүздөгү жылдын 31-мартында курамы Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы учурда биринчи кезектеги максаттардын бири— конституциялык түзүлүштүн негиздеринин кол тийбестигин камсыздай алган, мыйзамдуулукту жана өлкө жарандарынын укугун коргой ала турган күчтүү жана ачык-айкын сот бийлигин түзүү, деп билдирди.
Садыр Жапаров 30 жылдан бери ар кандай соттук-укуктук реформалар жасалып келсе дагы, сот органдары өздөрүнүн эң негизги милдеттерин— мыйзамдуулукту сактоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү боюнча милдеттерин толук аткарбай келгенине токтолду.
«Мындай абалдан тез аранын ичинде чыгышыбыз зарыл, анткени сот иштериндеги негативдүү тенденциялар Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн негиздерине жана жалпы улуттук коопсуздугуна залал келтирбей койбойт»,- деп айтты президент.
Ал жалпы сот тутумунун ишине таасир этүүчү негизги факторлордун бири — бул сотторду тандоо процесси болуп жатканын кошумчалады.
«Аны кескин түрдө жакшыртуу керек. Соттук кызматка компетенттүүлүгү жана квалификациясы жогору, турмуштук тажрыйбасы мол, аброю кынтыксыз, кесипкөй адамдар тандалууга тийиш. Ошондуктан сиздердин алдыңыздарда өтө жооптуу милдеттер турат», — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров Судьяларды тандоо кеңешинин мурдагы курамына карата коомчулук тарабынан көптөгөн сын-пикирлер болгонун эске салды.
«Сиздер андай сындарга кабылбаңыздар жана таза болуңуздар. Сотторду тандоо процессин бизнеске айландырбай, ар бириңер жеке жоопкерчилигиңерди күчөтүп, абийириңер менен ишиңерди алып баргыла. Бул менин мамлекет башчысы катары сиздерге койгон талабым. Коомчулук дагы сиздерден ошону күтөт», - деди президент.
Президент Судьяларды тандоо кеңешинин жаңы курамынын алдында чоң миссия— көз каранды эмес, чыныгы адилеттүү сот бийлигин түзүүгө реалдуу салым кошуу миссиясы турганын өзгөчө белгиледи. Ошондуктан Садыр Жапаров аларды сот бийлигинин өнүгүү тарыхында калуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып калууга чакырып, иштерине ийгиликтерди каалады.
Өз кезегинде судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрү азыркы милдеттери жана артыкчылыктуу пландары жөнүндө айтып беришти. Кыска убакыт берилгенине карабастан, жогорку квалификациялуу, адилет сот бийлигин калыптандыруу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай турганын баса белгилешти.
Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, судьялардын кызмат ордуна талапкерлерди тандоо Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш тарабынан жүргүзүлөт, ал түзүлгөнгө чейин бул функцияны аткаруу Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан улантылат.
Булак: NazarNews.kg