www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-апрелде премьер-министр Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Анын жүрүшүндө Марипов Бишкек шаарында жарандар коронавируска каршы акысыз эмдөөдөн өтө ала турганын айтты.
«Кытайдан келген «Синофарм» дарысын дарыгерлер, милиция кызматкерлери жана башкалар алып жатат. Акыркы күндөрү Бишкек шаарындагы бир топ Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жарандарыбыздын коронавируска каршы акысыз дары алуусуна шарт түздүк», - деди ал.
Андан тышкары Англиядан чыккан «AstraZeneca» дарысы боюнча тиешелүү материалдар өлкөгө келгенин билдирди.
«Май айында вакцина өзү келет. Баарыңарды эмдөөдөн өтүүгө чакырам», - деди Марипов.
Ошондой эле, премьер-министр кечээ, 23-апрелде Кыргызстанга Россиянын «Спутник V» дарысынын 20 миң дозасы алынып келгенин эске салды.
Мариповдун айтымында, вакцинанын 15 миң дозасын Кыргызстан сатып алган. 5 миң дозасы жардам катары берилген. Бул дарылар Бишкек шаарына таратылып, Чүй облусунун аймактарына жеткирилди. Дүйшөмбү күндөн баштап башка аймактарга дагы жеткирилет.
Премьер-министр Орусия менен түзүлгөн келишимге ылайык Кыргызстанга «Спутник V» дарысынын 1 млн дозасы берилерин билдирди.
Булак: NazarNews.kg