www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Илим, билим, маданият жана спорт - улуттун жүзүн аныктайт”, - деди NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.
--“Илим, билим, маданият, спорт – улуттун жүзүн аныктайт. Ал эми маданият улуттун руханий турпатын аныктап турган көрүнүш. Улутту башка этностордон айырмаланып турган өзгөчөлүгү, анын басып өткөн жолу тарыхы, илимий, маданий жетишкендиктери менен бааланат. Маданият бүтүндөй бир мамлекеттин, улуттун, ал тургай тектеш улуттардын басып өткөн доорун чагылдырып турган бараандуу көрүнүш. Элибиздин даанышман макал-лакаптары, накыл сөздөрү, нускалуу салты, мазмуну мекенчил идеяларга, рухий-адептик дөөлөттөргө мол “Манас” баш болгон залкар эпосторубуз, дастандарыбыз, Арстанбек, Жеңижок, Токтогулдай сандаган ак таңдай акындарыбыздын поэзиясындагы терең маанилүү санат-насыяттар, Карамолдо, Ыбрай, Ниязаалы сыяктуу комузга кол ойнотуп черткен, "кулактан кирип бойду алган" сандаган залкар күүлөр, Боогачы, Мусалар созгон керемет обондор улуттун гана эмес, жалпы адамзат маданият казынасынын асыл кенчи”, - дейт “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.
Булак: NazarNews.kg