www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнө караштуу Сарбан айылында 44 жаштагы жаран атасынын денесин темир челекке салып өрттөгөн. Бул тууралуу маалыматты кечээ, 26-майда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка караганда, 20-май күнү кечки тогуз жарымда милицияга Сарбан айылындагы үйлөрдүн биринин короосунан 73 жаштагы Т.В. аттуу жарандын күйүп калган сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон адамдын уулу — 44 жаштагы Т.В. суракка алынган. Анын айтымында, бир ай мурун атасы жүрөк оорусунан улам каза болгон. Бирок бул тууралуу тийиштүү органдарга билдирген эмес.

Turmush окуянын-чоо жайына кызыгып көргөн. Орок айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин айтымында, карантин маалында маркумга жардам берели деп барышканда баласы үйүнө киргизбей койгон.

«Биз карантин маалында элге азык-түлүк таратып жүрүп бул кишинин үйүнө да кайрылганбыз. Бирок уулу бизди киргизбей койгон. Ошондо шек санап калганбыз. Көрсө ушундай окуя болгон турбайбы», - дешти алар.

Ал эми айыл тургундарынын айтымында, маркумдун баласы эч ким менен сүйлөшпөгөн, түнт киши болчу.

«Анын көчөдөн эле ары-бери өткөнүн көрбөсөк, жакындан эч ким деле сүйлөшүп көргөн эмес. Апасы мурда эле каза болуптур. Бир туугандары бар, бирок башка жакта жашашат окшойт. Үйдө экөө эле жашачу. Эми чыныгы окуя кандай болгону белгисиз, бирок маркумдун баласынын айтымында, атасы жүрөк оорусунан каза болуптур. Карантинде каякка алып барып көмөрүн билбей, челекке суу куюп, ага атасынын жансыз денесин салып, эт кайнаткандай кайнатып туруп, үстүн жаап салыптыр. Себеби сасып кетпесин дептир. Өзүнүн үй-бүлөсү жок. Биз билгенден үйлөнө элек болчу», - дешти жашоочулар.

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, маркум айыл өкмөттө социалдык жактан муктаж жаран катары каттоодо турган.

«Мүрзө бар. Ал жерге орус улутундагыларга да сөөк коюуга уруксат берилген. Ал жагынан көйгөй жок. Жер бекер эле берилет. Айыл өкмөттүн кызматкерлери биринчи жолу азык-түлүк жеткирип барганда маркум үйүндө болчу. Экинчи жолу барышканда уулу киргизбей коюптур. Андан соң маркумдун кызы барганда да аны такыр киргизбей койгон. Бирок ошол жерден “атам асманда, сөөгү сасып кетпесин деп өрттөп салдым” деп айтыптыр. Азыр маркумдун жансыз денеси соттук-медициналык экспертизада. Тергөө иши жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости