www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Теги Өзбекстандык миллиардер Алишер Усмановдун жалпы байлыгы 11-14 миллиард доллар экендиги ЖМКларда айтылып келет. Албетте, алардын бардыгы нак акча эмес. 80-90 пайызы компаниялардын негизги фондулары, жабдуулары. Демек, анын нак акчасы 1-2 миллиард доллардын тегерегинде. Биздеги байлардын алдыңкы ондугуна киргендердин бардыгынын нак акчаларын кошсо, ага жетмек түгүл, ашып кетиши деле мүмкүн. Биз эмне себептен окурмандардын көңүлүн буга буруп жатабыз?

Алишер Усманов коронавируска каршы күрөшүү үчүн Россияга 126 миллион доллар, 2 миллиард рубль, ал эми Өзбекстанга ал максатта 25 миллион доллар, Сыр-Дарыя облусунун Сардобин суу сактагычындагы авариядан 300 миллион кубометр суу агып кетип, бир нече кыштактарды каптап кеткенден жаралган кесепеттерди жоюуга 15 миллион доллар бөлдү. Булардан сырткары ал бөлгөн 400 миллион долларга Өзбекстандын айылдарын өнүктүрүү боюнча атайын долбоор ишке ашырылып жатат.

Ал өз байлыктарынын 50 пайызын Өзбекстанга мурас кыларын да билдирген. Ташкенттеги, Самарканд, Бухарадагы социалдык инфра түзүндөрдү өнүктүрүүгө жумшаган капиталдык салымдарын айтпай эле коёлу, алар жүздөгөн миллион долларларды чапчыйт. Ал эми биздин эптеп-септеп тургузулган базарлардан, аракканалардан, кафе-ресторандардан башка эч нерсе курбаган байларыбыз коронавирустун кесепеттерин жоюуга канча акча беришти?

Шайлоолордо ондогон миллион долларларды чачышкан байлардын алды 4-5 миллион сомдон гана беришти. Алар долларга айлантканда 70-80 миң доллардын тегерегиндеги же фаворит партиялардын тизмелеринин алдынкы орундарга жазылгандын үчтөн бирине да жетпеген акча болот. Бай деген депутаттардын басымдуу көпчүлүгү айлыктарынан башка эч нерсе деле кошушкан жок. Алардын баарын чогултканда 3-4 миллион долларга да жетпейт.

Бизде олигархтардын карапайым элдин күндөлүк көйгөйлөрүнөн, муктаждыктарынан биротоло алыстап, элдин эсебинен байышкан менен ал жөнүндө таптакыр ойлошпой, мамлекет жана эл чындап оор сыноолорго, кыйынчылыктарга тушугуп жатышса да ага жандары ачыбай, өз кызыкчылыктары үчүн гана жашап калышкандыгы ушундан эле көрүнүп турат.

Булак: Майдан.kg

Последние новости