www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Волгоград областынан ЧВК «Вагнер» аскер бөлүгүнүн 3 согушкери полиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Алар Октябрьск кыштагындагы дүкөндү өздөрүнө каттатып берүү талабы менен дүкөн кожоюнун сабашкан. Полиция кызматкерлеринин айтымында аталган кылмыш боюнча кармалышкан 3 эркек буга чейин кылмыш жообуна тартылып, белгилүү кампаниянын аркасында ЧВК «Вагнер»дин курамында Украинадагы согушка катышышкан.
Кылмышкерлери дүкөндүн ээсин сабап, өлтүрөбүз деп коркутушуп, ВАЗ-2114 автоунаасын өздөрүнө каттатып алышып, кожоюндун алтындарын жана 155 000 рублин тартып алышып, из жашырышкан.
Дүкөндүн кожоюну учурда ооруканада, ал эми «согушкерлер» абакка киргизилди. Белгилүү болгондой кармалган 3 кылмышкер тең мурда бир нече жолу соттолушкан.
Ушул жылдын март айында ЧВК «Вагнердин» кожоюну Евгений Пригожин белгилегендей «5 миңден ашуун түрмөчүлөр Украинадагы согушка өз эрктери менен катышып келишкендиги үчүн ырайым алышкан.» Алар кылмыш кылбай калышкандыгын башкы «вагнерчи» Пригожин ишенимдүү айткандай болду эле.
Булак: NazarNews.kg