www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Алай эли президентке кайрылуу жолдошту

Кечээ, 12-майда Президент Садыр Жапаров Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке талапкерлер менен жолугушуп жатып, мамлекет үчүн иштей турган адистер болсо, душман экенин карабай кызматка алаарын ачык айтты.

Бул Президенттин айкөлдүгү эле эмес, мамлекет жана эл үчүн күйүп жаткан анын улуу сапатынан кабар берет. Экинчи жагынан Акаевчи, Бакиевчи, Атамбаевчи, жана башка ушул сыяктуу кокту-колот, жер-жерге, тууганчылык, тааныш-билишке бөлүнбөй бир мамлекеттин уул-кыздары катары мекенге кызмат кылалы деген мамлекет башчынын ишараты болду. Ап бали! Демек, президентибиз адилеттүү адам!

Алайлык ак сакалдар президенттин ушул сөзүнөн кийин элине кайрымдуу, жардыга кол сунган, жардамга муктаждан аянбаган, айым экенине карабай акыйкат издеп зар какшагандарга жардам берип, алдамчылар менен  күрөшкөн тайманбас айым Чынара Мамажакыпованы да акыйкатчылык  кызматка койсо, мамлекет үчүн чын дилинен иштеп берет деген ишеним менен президентке жана  алдамчылардын тобу менен жалгыз күрөшкөн эр жүрөк айымды Урматтуу президенттен акыйкатчылыкка  эл өкүлдөрүнө сунуштаса деген ойдо кайрылуу жолдошту.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости