www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милиция кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Кочкор-Ата шаарында белгисиз адамдар 47 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүнө терезе аркылуу киришкен. Алар үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, 900 миң сомдон ашык бриллиант зер буюмдарын уурдап кетишкен.
«Мындан тышкары, кол салгандар сейфти ачып, андагы сакталган «МА-АК» автожүктөөчү карабинин жана 7,62 мм калибрдеги 60 даана патронду алып кетишкен. Факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул кылмышка шектүү катары 3 адам: 20 жаштагы С.У., 21 жаштагы М.Ы. жана 25 жаштагы Ж.С. кармалды. Алар Чүй облусунун тургундары экени аныкталды.
Батир уурулары уурдалган буюмдардын бир бөлүгүн сатууга жетишкен. Милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Көл районунун аймагынан ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылган, ал шектүүлөрдүн биринин тууганынын үйүнөн катылган», - деп билдирди РИИБ.
Булак: NazarNews.kg