www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Сабыке салам! Кандайсың, кайдасың, көрүнбөй калдың?
- Э-эй Суке, жаман кыйналдым, жаңы жылдан бери бел кармап, бир туруп, бир тура албай... Бүкчүйүп көчөгө чыккандан уялат экенсиң.
- Турупсуң го, кандай анан, жакшыбы? Акониттен сокпойт белең?..
- Аконит эмес, “дүңк” кыйын экен. Кендирди туурап туруп самогонго чылап, караңгы жерге 15 күн коюп, чыпкалап алып, таң эрте ачкарын эки чоң кашыктан (бир стопка эле туура экен) ичиш керек экен, миңдин бири, ковид кармаганда да ошону менен айыктык.
- Аа жакшы. Эми мынча келип калыпсың, бир-эки собол таштайын, жооп бере салчы? Казино боюнча мыйзам кабыл алынды. Чоң талкуу болуп атат. Сен кандай ойдосуң?
- Мен каршымын. Дискриминациялык мыйзам болуп калды. Казино Кыргызстандын жеринде ачылып атса, анан кыргыз жарандары кире албаса... Ушу кантип болсун? Мен нааразымын. Эмне үчүн менин укугум тепселенип, казиного кирбешим керек? Аябай ачууланып, жаман абалда турам...
- Эй Саке, быякта үй-бүлөсүн таштап, оокат-мүлктөрүн сатып, талаада калгандар, асынып өлгөндөр болуп атпайбы?
- Эми андай нерви жука, ырысы жок, чалагайымдар миңден экиүчөө да. Эмнеге алар үчүн миллиондордун укугу тепселенип, кыргыз жарандарына калыстык каралбай, чет элдиктерден кемсиниши керек? Жарабайт, бул мыйзамды кайра оңдобосо болбойт! Уят.
- А тиги шору кайнагандар эмне болсун, үй-бүлөлөр бузулуп, өлө берсинби?
- Жок. Аны жөнөкөй эле чечип койсо болот.
- Мисалы, кантип?
- Үй-бүлөсү, бир туугандары, ата-энеси сотко арызданышат, “игроман болуп кетти, кууратты, ташып сатып, уттуруп бүткөнү калды” дешип. Сот “казиного жолотпсун, жолоп кетсе казино жоопкер, миллион доллар штраф” деген маанайда чечим чыгарат, казинолордун кире беришине сүрөтүн илип, паспорт көзөмөлдөн түрү суук жүзү чыккан программаны киргизип кой, бүттү... “Миллион доллар штрафтын жарымы бюджетке, калганы жабырланычууларга берилет” деп койсо, туугандары өздөрү эле көтөрүп чыгат, казино болсо “кой кокуй” дейт, киргизбей коёт.
- Арамдыгын кантесиң, молдокелер ыйлап жатпайбы?
- “Арам, адал” дегендерди адамдар ойлоп чыгарган нерсе да. Туура, туура эмес экенине карабай, аралаш колдоно беребиз. Чала сабат молдокелер, башкалары да саясатка айлантып алышты. “Ак терек, көк терек” ойногондой...
- Чочконун эти арамбы? Куранда айтылып атат да? -- Чочконун этин армиядан жедик, мен үчүн арам эмес. Куртту кууруп жеп аткандар бар. Мен тамакты “арам, адал” деп бөлбөйм. Аминокислота, белки, жиры, и все... Жакса жейм, жакпаса жебейм. Бирөө жеп аткан тамакты “арам” деп айткан туура эмес. Мен үчүн колунда жок шордуунун акыркы кесим нанын тартып алып, уурдап жегендер арам!
Ошол тамагымдан өтпөйт. Куран, Библия, Инжил, Тоорат ж.б. ыйык китептер, деги эле дүйнөлүк диндер урмат-сыйга татыктуу, чала айбан жаныбарлардын адамга айланышына кошкон салымдары баа жеткис. Айрыкча Куран. Жуунганды билбей, богун жеп, атасы өлүп калса энесин улуу баласы катын кылып алган жапайы заман ошо куран түшкөндөн кийин жоюлду да.
Андыктан диндерге, ыйык китептерге акаарат келтирүү оюмда жок. Бирок, асмандан, космостон, улуу күчтөн, Кудайдан келген кабарды ошол ыйык китептерге түшүргөн, корректор, редакторлор кимдер – адамдар да, туурабы? А адамдар ар дайым ката кетирет, чыгармачыл да болушат. Айтор, арам-адал, жаманжакшы деген маселеде тактык жок, болбойт дагы.
Булак: Азия News гезити